Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылышына каршы аракеттенүү боюнча чектөөчү чаралар киргизилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында аргасыз жүргөн чет мамлекеттердин жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын чыгып кетүү маселелерин чечүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктундагы “2020-жылдын 1-июлуна чейин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругу расмий жокко чыгарылганга чейин” деген сөздөр менен алмаштырылсын
Премьер-министр К.А.Боронов