КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-июлундагы № 396- токтому

2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын аткарууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетентүү органдары жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын аткарууга жооптуу компетенттүү органдар катары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы аныкталсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгына жогоруда аталган конвенцияны аткарууга жооптуу компетенттүү органдар тууралуу белгиленген тартипте кабарласын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                    К.А.Боронов

Тиркемелер

Басып чыгаруу