Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө
Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү, жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу системасын өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;
- Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык;
- Кендердин классификациясы жана пайдалуу казылмалардын запастары боюнча алардын көрүнүштөрү, 4-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 “Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-январындагы № 12 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсеби жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 “Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы № 659 “Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-августундагы № 436 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 “Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 238 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 “Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин Атайын эсеби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 “Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 638 токтому;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 “Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 127 токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев