Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 “Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салуу системасын өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 “Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пунктунун биринчи абзацындагы “Геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо жана иштетүү максатында” деген сөздөр алып салынсын;
- 14-пунктунун онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 18-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 21-пунктунун үчүнчү абзацы “ишеним катта” деген сөздөрдөн кийин “, жетекчини дайындоо жөнүндө чечимде” деген сөздөр менен толукталсын;
- 40-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“40. Иштерди долбоорлоого лицензиялык макулдашуу менен лицензияны алгандан кийин лицензиат ушул Жобонун 54-пунктунда каралган учурлардан тышкары өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча оң эксперттик корутундулар менен техникалык долбоорду түзөт жана аны, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык жер участогун берүү жөнүндө макулдуктун жана/же документтин көчүрмөсүн лицензиарга берет.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы менен чектеш участоктордогу жана чек ара тилкесиндеги жер казынасын пайдалануу укугу пайда болгон учурда мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты кошумча берилет.”;
- 60-пунктунун экинчи абзацындагы “төлөмдөрдү” деген сөз “жыйымдарды” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 77-пунктундагы “төлөмдөрдү” деген сөз “жыйымдарды” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 78-пунктундагы “төлөмдөр” деген сөз “жыйымдар” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9-главасы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- 4-пунктунда:
“бекитилген” деген сөз “түзүлүүчү жана жыл сайын бекитилүүчү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Жер казынасынын аукциондук участокторунун реестрине киргизилбеген жер казынасынын участогуна өтүнмө келип түшкөн учурда аукциондорду өткөрүү жолу менен жер казынасын пайдалануу укугун берүү ал реестрге киргизилгенден кийин жүзөгө ашырылат.”;
- 6-пунктундагы “Жер казынасын аукциондук участоктордун реестрине киргизүү” деген сөздөр “Жер казынасынын аукциондук участокторунун реестрин түзүү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун сегизинчи абзацы “кайтарымсыз берүү жөнүндө жобону” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле аукциондун жеңүүчүсү үчүн милдеттүү болгон башка кошумча шарттарды (инвестицияларды жумшоо, квалификациялуу кадрларды тартуу, эксплуатациялоо, фабриканы куруу башталган мөөнөттөр, иш тажрыйбасы ж.б.)” деген сөздөр менен толукталсын;
-75-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“75. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдын жыйынтык суммасы аукциондун жеңүүчүсү тарабынан 5 банктык күндүн ичинде кирешелердин бюджеттик классификациясынын элементинин тиешелүү кодуна мамлекеттик бюджеттин кирешесине которулууга тийиш.
- жогоруда аталган Жобонун 1 жана 4-тиркемелери ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр К.А.Боронов