КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-августундагы № 410-токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 «Кыргыз  Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү  жана коргоо боюнча агенттиги жөнүндө» токтомуна  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 «Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жободо:

  • 11-пунктунда:

он бешинчи абзацы «экспорттоочулардын» деген сөзгө чейин «Европа бирлигинин Комиссиясынын 2015-жылдын 24-ноябрындагы № 2015/2447 аткаруучу регламентине ылайык» деген сөздөр менен толукталсын;

он алтынчы абзацы «чет өлкөлүк» деген сөздөргө чейин «Европа бирлигинин Комиссиясынын 2015-жылдын 24-ноябрындагы № 2015/2447 аткаруучу регламентине ылайык» деген сөздөр менен толукталсын.

2.   Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги Кыргыз Республикасында катталган экспорттоочулардын системасында (REX) экспорттоочуларды каттоону камсыздоо боюнча чараларды көрсүн. 

3.   Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                               К.А.Боронов

Тиркемелер

Басып чыгаруу