КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-августундагы № 274-б буйругу

Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарын этап-этабы менен өткөрүүнү жандандыруу максатында, «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунда:

сегизинчи абзацы «балдары» деген сөздөн кийин «, неберелери» деген сөз менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы онунчу – он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

«- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окуган чет мамлекеттердин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдарынан (окуу жайдан берилген маалым катын көрсөткөн учурда);

- Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар чет мамлекеттердин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдарынан;

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы медициналык мекемелерде дарыланууга келген чет мамлекеттердин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдарынан (документ менен ырасталган шартта);

- жакын туугандарынын аза күтүү иш-чараларына катышууга келген чет мамлекеттердин жарандарынан жана жарандыгы жок адамдарынан (жакын туугандык байланыштары жана каза болгондугу тууралуу факт документ менен ырасталган шартта);

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук актысы менен бекитилген өлкөлөрдүн Тизмегине ылайык стабилдүү эпидемиялык абал байкалган чет мамлекеттердин жарандарынан.».


Премьер-министр                                                                    К.А.Боронов


Тиркемелер

Басып чыгаруу