2019-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында, 2019-жылдын 31-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2019-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында, 2019-жылдын 31-декабрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жогоруда аталган Макулдашууну аткаруу үчүн жооптууорган болуп аныкталсын.
3 .Кыргыз Республикасынын Тышкыиштер министрлиги түркиялык тарапка жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр К.А.Боронов