Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 202 "Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоонун, аларды адистештирилген токтотуучу жайларга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 31-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 202 "Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоонун, аларды адистештирилген токтотуучу жайларга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышындагы жана 1-пунктундагы "Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоонун, аларды адистештирилген токтотуучу жайларга жайгаштыруунун," деген сөздөр "Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- преамбуладагы "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" деген сөздөр "Бузуулар жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоонун, аларды адистештирилген токтотуучу жайларга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелеринде:
- аталышындагы "Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоонун, аларды адистештирилген токтотуучу жайларга жайгаштыруунун," деген сөздөр "Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мажбурлап эвакуациялоо - транспорт каражатын эреже бузган жерден же жол-транспорт кырсыгы болгон жерден адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап алып баруу;
- дөңгөлөккө блокиратор коюу же жабдыктын башка түрлөрүн пайдалануу - транспорт каражатынын айдоочусу Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 123-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган эрежелерди бузган учурда транспорт каражатынын жүрүү мүмкүнчүлүгүн (дөңгөлөктүн айланышын) болтурбоочу техникалык каражаттарды мажбурлап орнотуу.";
- 3-пунктунун биринчи абзацындагы экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- 6 жана 7 -пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо жөнүндө чечимди бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүү жана иштерди кароо, ошондой эле аларга берилген ыйгарым укуктардын чегинде жаза колдонуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ болгон ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кабыл алат.
Транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап эвакуациялоо төмөнкү жерлерге токтоп жана туруу эрежесин бузганда жүзөгө ашырылат:
- темир жол өтмөгүндө, тоннелдерде;
- тротуарларда, веложолдордо;
- эстакадаларда, көпүрөлөрдө, жол өткөөлдөрүндө (эгерде бул багытта жүрүү үчүн үч тилке бар болсо) жана алардын алдында;
- жол чийиндин үзгүлтүксүз линиясы менен (транспорт жүрүүчү бөлүктүн четин белгилөөчү сызыктан тышкары) токтогон транспорт каражатынын ортосундагы аралык 3 метрден аз болгон жерлерде;
- жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерлерде жана аларга чейин 5 метрден жакын болгон аралыкта;
- токтоочу аянтчаларга, ал эми алар жок болгон учурда - маршруттук транспорт каражаттары же такси токтой тургандыгын көрсөтүүчү белгиден 15 метрден жакын болгон аралыкта, эгерде бул алардын кыймылына тоскоолдук кылса;
- транспорт каражаты башка транспорт каражаттарынын кыймылына (кирүүсүнө же чыгуусуна) мүмкүндүк бербеген же жөө жүргөндөрдүн кыймылына тоскоолдук жараткан жерлерде;
- 7.21. "Эвакуатор" жол белгиси (тактасы) менен белгиленген жерлерде.
Эгерде транспорт каражатын кармоонун себеби адистештирилген токтотуучу жайга жеткирүүчү транспорт каражаты жүрүп баштаганга чейин жоюлган учурда (айдоочунун келиши, документтерди көрсөтүшү), транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо, ошол транспорт каражатын башкаруучу адамдын катышуусунда кармалган жеринде токтотулат.
Төмөнкү учурларда мажбурлап эвакуациялоого тыюу салынат:
- транспорт каражатын ал транспорт каражатында жүргүнчү (жүргүнчүлөр) бар болсо;
- кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткарып жаткан көк жана сары түстөгү белги берүүчү маягы күйгүзүлгөн ыкчам жана атайын кызматтардын транспорт каражаттары болсо.
7. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоодо ИИОнун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүнүн кызматкери тарабынан Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 304-беренесинин талаптарын сактоо менен ошол транспорт каражатына тышкы кароо жүргүзүлөт, бул тууралуу протокол түзүлөт, ошондой эле транспорт каражатын фотого же видеого тартып, ал материалдар бузуулар жөнүндө ишке тиркелет, бул жөнүндө протоколдо белгиленет.";
- 10-пунктунун биринчи абзацы "тергөө органдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жана алгачкы текшерүү органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пунктундагы "администрациялык эреже бузуу" деген сөздөр "эреже бузуу жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пунктундагы "Мажбурлап блокировкалоо" деген сөздөр "Блокировкалоо" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 18-пунктундагы "администрациялык укук бузуу" деген сөздөр "эреже бузуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 20-пунктунун биринчи абзацындагы "администрациялык протокол" деген сөздөр "эреже бузуу жөнүндө протокол" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-пунктундагы "транспорт каражатын адистештирилген транспорт токтотуучу жайга токтоткон учурдагы алгачкы үч сааттан кийин" деген сөздөр алып салынсын;
- 23-пунктундагы "администрациялык укук бузуу" деген сөздөр "эреже бузуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 25-пунктунун биринчи абзацындагы "администрациялык укук бузуу окуясынын болбогонуна жана/же администрациялык укук бузуунун курамынын жоктугуна байланыштуу администрациялык укук бузуу жөнүндө" деген сөздөр "эреже бузуу окуясынын болбогонуна жана/же бузуунун курамынын жоктугуна байланыштуу эреже бузуу жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 26-пунктунун биринчи абзацындагы "административдик укук бузуу жөнүндө" деген сөздөр "эреже бузуу жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Бузуу үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө токтом жоюлган учурда, арызга мындай чечимдин көчүрмөсү тиркелет.";
- 32-пунктунун бешинчи абзацы "күйүүчү-майлоочу материалдарды" деген сөздөрдөн кийин "жана тез күйүүчү суюктуктарды" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | М. Абылгазиев |