Кыргыз Республикасынын « Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды пландаштыруу жана куруу жөнүндө» курулуш ченемдерин КР КЧ 30-01:2020 бекитүү жөнүндө
Ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 11-июнундагы №13-чуа буйругу менен бекитилген “Курулуштагы ченемдик документтер тутуму жөнүндө” Жобого ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы №372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары-Мамкурулуш) жөнүндө Жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1.Тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери КР КЧ 30-01:2020 «Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды пландаштыруу жана куруу жөнүндө » бекитилсин.
2. Мамкурулушунун алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыялануусу боюнча чараларды көрсүн;
- ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилде, кагаз жана электрондук түрүндө, жарыялоо булактарын көрсөтүү менен эки жупнускада Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде, буйруктун көчүрмөсү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтүлсүн;
3. Ушул буйрук расмий жарыялангандан кундон 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
1-тиркеме «Өрт коопсуздугунун талаптары» КР КЧ 30-01:2020 Кыргыз Республикасынын « Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды пландаштыруу жана куруу жөнүндө» курулуш ченемдери Кыргыз Республикасынын «Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы долбоору күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 27-майындагы №6-чуа буйругу менен бекитилген Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды пландаштыруу жана куруу жөнүндө курулуш эрежелери күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М. А. Акматалиевге жүктөлсүн.
Директор У. Кокочаров