КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 559-токтому

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Улахол айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан  «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Улахол айыл аймагынын жашоочуларынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине жана «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айылдык кеңешинин 2017-жылдын 24-августундагы № 13 токтомун, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айылдык аймагынын 2018-жылдын 9-февралындагы № 9 токтомун, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 20-февралындагы № 31 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз  Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 50 буйругун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунун Улахол айыл аймагында жайгашкан № 132 контурдагы 4 га жайыт жери мамлекеттик жалпы билим берүү мектебин куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан  «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына  которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоӊ  райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

-  ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана   экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу