Кыргыз Республикасынын Пробация органынын кызматкеринин күнүн белгилөө жөнүндө
Пробация институтун колдоо жана андан ары өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 1-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Пробация органынын кызматкеринин жыл сайын белгиленүүчү кесиптик күнү болуп белгиленсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр К.А.Боронов