КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 456-токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 315 “Ишкердик субъекттерди каржылоо” программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Ишкердик субъекттерди жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен өз убагында камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 315 “Ишкердик субъекттерди каржылоо” программасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Ишкердик субъекттерди каржылоо” программасында:

- 3-главасында:

төртүнчү абзацындагы “өнөр жай” деген сөздөр “тармак жана медицина чөйрөсү” деген сөздөр менен алмаштырылсын”; 

алтынчы абзацындагы “(кластердик ыкмага негизделген региондук экономикага мультипликативдик таасир этүүчү потенциалы менен)” деген сөздөр алып салынсын;

жетинчи абзацындагы “кен казуу өнөр жайынан тышкары кайра иштетүүчү өнөр жайы жана экономикалык иштин башка чөйрөлөрү” деген сөздөр “кайра иштетүүчү өнөр жай, анын ичинде айыл чарба продукциясын даярдоо жана баштапкы иштетүү;” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи – он биринчи абзацтар менен толукталсын:

“- билим берүү чөйрөсү;

- кызмат көрсөтүү;

- соода;

- айыл чарба.”;

тогузунчу абзацындагы “өнөр жай, иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн” деген сөздөр алып салынсын;

он экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: “Программаны каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эл аралык өнөктөштөр менен макулдашып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы эсептеринде (револьвердик эсептер) топтолгон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимдери менен максаттуу багыттары мурда башка багыттар боюнча аныкталган каражаттарды колдонууга укуктуу.”; 

он алтынчы жана он тогузунчу абзацтарындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү “жана ЧФУ” деген сөздөр алып салынсын;

жыйырма үчүнчү абзацындагы “12” деген цифралар “18” деген цифралар менен алмаштырылсын;

кырк биринчи абзацындагы “Өнөр жай жана кайра иштетүүчү ишканалардын кредиттерин” деген сөздөр “Кредиттерди” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

кырк сегизинчи – элүү биринчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“5. Чакан ишкерлерге чакан кредиттерди берүү үчүн:

 - пайыздык ставкасы – жылдык 5,0 пайыз, 16 айга чейинки кайтаруу мөөнөтү менен, кийин жылдык 7 пайыз менен, 15 айга чейинки кайтаруу мөөнөтү менен ЧФУларга кредиттерди берүү менен. Өз кезегинде ЧФУлар чакан ишкерлерге жылдык 14 пайыз менен, 12 айга чейинки кайтаруу мөөнөтү менен  чакан кредиттерди берүүгө тийиш;

- айыптык санкциялар – мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдүн суммасына эсептелген жылдык 10,0 пайыз, жылдык 15,0 пайыз – максатсыз пайдаланылган суммага;

- карыздын негизги суммасын төлөөнүн жеңилдетилген мөөнөтү – 3 айга чейин, жеңилдетилген мөөнөт бүткөндөн кийин төлөөнүн мезгилдүүлүгү – ай сайын төлөнүүчү төлөмдөр менен;”;

глава төмөнкүдөй мазмундагы элүү экинчи – элүү жетинчи абзацтар менен толукталсын:

“- эсептелген пайыздарды төлөөнүн мезгилдүүлүгү – ай сайын төлөнүүчү төлөмдөр менен;

- кайтаруу мөөнөтү – 12 ай;

- күрөөлүк камсыздоо – коммерциялык банктын 50 %дан кем эмес көлөмдөгү учурдагы кредиттик портфели, калган көлөмү – ЧФУнун кредиттик портфели; 

- кредиттик каражаттарды өз убагында жана толугу менен кайтаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдында коммерциялык банк, ЧФУ – коммерциялык банктын алдында жоопкерчилик тартат;

- акыркы максаттуу пайдалануу үчүн ЧФУ жоопкерчилик тартат.

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы эсептеринде топтолгон, тышкы булактардан берилүүчү каражаттар эл аралык өнөктөштөр менен макулдашылган шарттарда берилет.”;

таблицада:

- “Максаттуу багыты” сабында:

төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- фармацевттик тармак жана медицина чөйрөсү;”;

алтынчы абзацындагы “(кластердик ыкмага негизделген региондук экономикага мультипликативдик таасир этүү потенциалы менен)” деген сөздөр алып салынсын;

жетинчи абзацындагы “кен өнөр жайын кошпогондо, иштетүү өнөр жайы” деген сөздөр “иштетүү өнөр жайы, анын ичинде айыл чарба продукциясын даярдоо жана баштапкы иштетүү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи – он биринчи абзацтар менен толукталсын:

“- билим берүү чөйрөсү;

  • - кызмат көрсөтүү;
  • - соода;
  • - айыл чарба.”;
  • - “Кредит берүүнүн өлчөмү жана мөөнөтү, сом менен” сабында:

бешинчи абзацындагы “өнөр жай, иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканалардын кредиттерин” деген сөздөр “кредиттерди” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- “Акыркы пайыздык ставка” сабында:

бешинчи абзацындагы “өнөр жай, иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканалардын кредиттерин” деген сөздөр “кредиттерди” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- “Жеңилдетилген мезгил” сабында:

үчүнчү абзацындагы “6” деген цифра “12” деген цифралар менен алмаштырылсын; 

бешинчи абзацындагы “өнөр жай, иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканалардын кредиттерин” деген сөздөр “кредиттерди” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-главасында:

биринчи абзацындагы “жана чакан финансылык уюмдар” деген сөздөр, экинчи – төртүнчү абзацтарындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү “жана ЧФУ” деген сөздөр алып салынсын;

төртүнчү абзацындагы “жана ишкердик субъекттердин кезектеги тизмеси берилген учурда” деген сөздөр алып салынсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.                                             


Премьер-министр                                            К.А.Боронов

Тиркемелер

Басып чыгаруу