КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы №290-б буйругу

Калкты дезинфекциялоочу жана антисептик каражаттар менен камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин
 287-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде:

- “Техникалык жана башка максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер” деген III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 101-103-пункттар менен толукталсын:

“101. “БАЙЛУУ” жоопкерчилиги чектелген коому

102. “Столичный винно-водочный заводу” жоопкерчилиги чектелген коому

103. “Tokmok Bulls”(Токмок Буллс) жабык акционердик коому”.


Премьер-министр                        К.А.Боронов

Тиркемелер

Басып чыгаруу