Эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө
Кыргыз Республикасында эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу, “COVID-19” коронавирустук инфекциясынын жайылышынын алдын алууга жана болтурбоого багытталган чараларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29 жана 227-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2020-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейинки мезгилде төмөнкү товарлардын салык салынуучу жеткирип берүүлөр жана салык салынуучу импорту боюнча кошумча нарк салыгынын (мындан ары – КНС) ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө белгиленсин:
1) дем алуу органдарын жекече коргоо каражаттары, чыпкалоочу жана изоляциялоочу, анын ичинде бетке арналган бөлүктөр жана чыпкалар (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 8421 39 200 9; 9020 00 000 0);
2) атайын коргоочу кийим, анын ичинде чыпкалоочу коргоочу кийим (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 3926 20 000 0; 4015; 6203төн; 6204төн; 6210 10 920 0; 6210 10 980 0; 6210 40 000 0; 6210 50 000 0; 6211 32 100 0; 6211 33 100 0; 6211 43 100 0; 6505 00 900 0дөн; 6506 10 100 0);
3) көздү жана бетти жекече коргоо каражаттары (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 3926 90дон; 9004 90 900 0);
4) коргоочу кездемелер (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 5407; 5408; 5801; 5802);
5) токулбаган материалдар, сиңирилген жана сиңирилбеген, капталган жана капталбаган, кабатталган жана кош кабатталган (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 5603 11 100 0; 5603 11 900 0; 5603 12 100 0; 5603 12 900 0; 5603 91 100 0; 5603 91 900 0; 5603 92 100 0; 5603 92 900 0);
6) компьютердик томограф (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 9022 12 000 0);
7) атайын медициналык максаттар үчүн багытталган автомобилдер (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 8703 21 101 0; 8703 21 901 0; 8703 22 101 0; 8703 22 901 0; 8703 23 193 0; 8703 23 903 0; 8703 24 101 0; 8703 24 901 0; 8703 31 101 0; 8703 31 901 0; 8703 32 191 0; 8703 32 901 0; 8703 33 191 0; 8703 33 901 0; 8703 40 101 0; 8703 40 201 0; 8703 40 301 0; 8703 40 401 0; 8703 40 591 0; 8703 40 601 0; 8703 40 701 0; 8703 40 801 0; 8703 50 101 0; 8703 50 201 0; 8703 50 391 0; 8703 50 401 0; 8703 50 591 0; 8703 50 601 0; 8703 60 101 0; 8703 60 201 0; 8703 60 301 0; 8703 60 401 0; 8703 60 591 0; 8703 60 601 0; 8703 60 701 0; 8703 60 801 0; 8703 70 101 0; 8703 70 201 0; 8703 70 391 0; 8703 70 401 0; 8703 70 591 0; 8703 70 601 0; 8703 80 000 1; 8703 90 001 0);
8) медициналик, хирургиялык эмерек (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 9402 90 000 0);
9) негатоскоптор (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 9010 50 000 0).
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө нөл (0) пайыз өлчөмүндө КНСтин ставкасы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мындай товарлардын номенклатурасы, саны, наркы тууралуу, ошондой эле мындай ташып келүүнү ишке ашырган уюм же жак жөнүндө маалыматты камтыган документ түрүндө мындай товарлардын максаттуу багыты ырасталган шарттарда колдонула тургандыгы белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр К.А.Боронов