Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө ишке киргизүүнүн алкагындагы милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 “Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген кошумча нарк салыгы боюнча отчеттун формасында (FORM STI-062):
- КНС боюнча отчетко “Жеткирүүлөрдүн реестри” (FORM STI-062-001) 01-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- КНС боюнча отчетко “Кыргыз Республикасында сатып алынган материалдык ресурстардын реестри” (FORM STI-062-002) 02-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- КНС боюнча отчетко “Салыктык контракттын негизинде жүргүзүлүүчү иш боюнча салык төлөөчүнүн жеткирүүлөрүнүн реестри” (FORM STI-062-004) 04-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- КНС боюнча отчетко “Салыктык контракттын негизинде жүргүзүлүүчү иш боюнча сатып алынган материалдык ресурстардын реестри” (FORM STI-062-005) 05-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартибинде:
- 26-пункттагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Эскертүү. Салык салынуучу субъект Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Тартипке ылайык “Электрондук эсеп-фактура” маалыматтык системасында салык салынуучу, бошотулган жана салык салынбаган жеткирүүлөргө эсеп-фактураны (электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны же кагаз жүзүндөгү эсеп-фактураны) тариздейт.”;
- 44-пункттагы “салык салынуучу субъект тарабынан жазып берилген КНСтин эсеп-фактураларынын” деген сөздөр “салык салынуучу субъект тарабынан таризделген эсеп-фактураларынын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 45-пунктта:
1-пунктчадагы “салык салынуучу субъект тарабынан жазып берилген КНСтин эсеп-фактурасынын” деген сөздөр “салык салынуучу субъект тарабынан таризделген эсеп-фактурасынын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
1-пунктчага эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Эскертүү. Эсеп-фактураны тариздөө датасы “Электрондук эсеп-фактура” маалыматтык системасы менен эсеп-фактуранын номерин генерациялаган датасынан эрте болбошу керек;”;
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) “эсеп-фактурасынын/ББЭД №” 2-графада - таризделген эсеп-фактурасынын же баштапкы бухгалтердик эсепке алуу документинин (мындан ары – “ББЭД”) катар номери. ББЭД номери алты орундуу сандардан ашпоого тийиш, мисалы: “003567”.
Эскертүү. Эсеп-фактураларды тариздөөдө 2-графа боюнча маалыматтар Реестрди берген, салык салынган субъектиге “Электрондук эсеп-фактура” маалыматтык системасы менен генерацияланган эсеп-фактуралардын номерлерине шайкеш келүүгө тийиш. 2-графада көрсөтүлгөн эсеп-фактуралардын номерлери Жараксыз эсеп-фактуралардын реестрине, Кыргыз Республикасында сатып алынган материалдык ресурстардын реестрине жана салык салынуучу субъект тарабынан өткөн жана отчеттук салык мезгилдери үчүн салык органына берилген Салыктык контракттын негизинде жүргүзүлүүчү иш боюнча сатып алынган материалдык ресурстардын реестрине киргизилбеши керек;”;
3-пунктчада:
- биринчи абзацындагы “эсеп-фактурасынын/ББЭД сериясы” деген сөздөр “ББЭД түрү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзац жана эскертүү күчүн жоготту деп таанылсын;
4-пунктчанын таблицасындагы “200-299 “Бошотулган жеткирүүлөр” бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 232-позиция менен толукталсын:
“
232 | Идентификациялоо каражаттарын, ошондой эле товарларды маркалоонун коддорун берүү жана генерациялоо боюнча кызматтарды жеткирүү |
”;
12-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12) “оңдолуучу эсеп-фактурасынын номери” 12-графада - Салык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдерине ылайык бүтүмдүн шарттары өзгөрүлгөндө жеткирүүнүн салык салынуучу наркын оңдоо учурунда көрсөткүчтөрү оңдолуучу салык салынуучу субъект тарабынан мурда таризделген оңдолуучу эсеп-фактурасынын номери. Башка учурларда бул графа толтурулбайт.”;
төмөнкүдөй мазмундагы 13-пунктча менен толукталсын:
“13) “оңдолуучу эсеп-фактурасынын сериясы” 13-графада - Салык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдерине ылайык бүтүмдүн шарттары өзгөрүлгөндө жеткирүүнүн салык салынуучу наркын оңдоо учурунда көрсөткүчтөрү оңдолуучу салык салынуучу субъект тарабынан мурда таризделген оңдолуучу эсеп-фактурасынын сериясы. Бул графа мурда берилген сериялар жана номерлер менен эсеп-фактурага оңдоо киргизилген учурда толтурулат. Башка учурларда аталган графа толтурулбайт.”;
- 46-пунктта:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“46. Салык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бүтүмдөрдүн шарттары өзгөрүлгөн учурда жеткирүүлөрдүн салык салынуучу наркын азаюу (көбөйүү) жагына оңдоодо 9, 10 жана 11-графалардагы көрсөткүчтөр, эгерде мааниси терс болсо “-” кемитүү белгиси менен, же эгерде мааниси оң болсо “-” кемитүү белгиси жок, “Жеткирүү коду” 4-графанын “110” жеткирүүнүн тийиштүү коду жана “№” 12-графа боюнча оңдолуучу эсеп-фактуранын номерлерин милдеттүү түрдө толтуруу менен көрсөтүлөт. “Жеткирүү датасы” 8-графада баштапкы эсеп-фактурасы боюнча жеткирилген дата көрсөтүлөт. “Сериясы” 13-графа боюнча серияларды милдеттүү толтуруу мурда берилген серия жана номер менен эсеп-фактураларды оңдоо жүргүзүлгөн учурда жүзөгө ашырылат.”;
үчүнчү абзацындагы “баштапкы ББЭД боюнча” деген сөздөр “баштапкы эсеп-фактура боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 55-пунктта:
1 – 3-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) “Көчүрмөнүн датасы” 1-графада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- отчеттук салык мезгилинин акыркы числосу, мисалы, 2015-жылдын январы үчүн: “31.01.2015”;
же
- “Электрондук эсеп-фактура” маалыматтык системасынын эсеп-фактураларынын номерлери генерациялаган датадан эрте болбоого тийиш дата;
2) “Эсеп-фактурасынын/ББЭД №” 2-графада таризделген эсеп-фактуранын номери көрсөтүлөт;
3) “ББЭД түрү” 3-графа толтурулбайт;”;
11-пунктчанын эскертүүсүндөгү “КНСтин эсеп-фактурасы” жана “жазып берилет” деген сөздөр “эсеп-фактура” жана “таризделет” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 552-пункттун 3-пунктчасындагы “Эсеп-фактуранын/ББЭД сериясы” деген сөздөр “ББЭД түрү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 561-пункттун 2-пунктчасынын бешинчи абзацындагы “Эсеп-фактурасынын/ББЭД сериясы” деген сөздөр “ББЭД түрү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 63-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) “эсеп-фактурасынын/ББЭД №” 1-графада - жеткирүүчүдөн алынган эсеп-фактурасынын же баштапкы бухгалтердик эсепке алуу документинин катар номери. ББЭД номери алты орундуу сандардан ашпоого тийиш, мисалы: “010295”;
“Эскертүү. 1-графанын маалыматтары Реестрге киргизилген жеткирүүчүгө “Электрондук эсеп-фактура” маалыматтык системасы менен генерацияланган эсеп-фактуралардын номерлерине шайкеш келүүгө тийиш. 1-графада көрсөтүлгөн эсеп-фактуралардын номерлери Жеткирүүлөрдүн реестрине жана салыктык контракттын негизинде жүргүзүлүүчү ишкердик боюнча Салык төлөөчүнүн жеткирүүлөрүнүн реестрине киргизилиши керек жана ошол жеткирүүчү тарабынан өткөн жана отчеттук салык мезгили үчүн салык органына берилген Жараксыз эсеп-фактураларынын реестрине киргизилбеши керек.”;
2-пунктчада:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) “ББЭД түрү” 2-графада - жеткирүүчүдөн алган учурда:”;
- экинчи абзацындагы “КНСтен бошотулган” деген сөздөр алып салынсын;
- эскертүү күчүн жоготту деп таанылсын:
10-пунктчадагы “№” 10-графада жана “серия” 11-графада” жана “КНСтин оңдолуучу эсеп-фактурасынын номери жана сериясы.” деген сөздөр “№” 10-графада” жана “оңдолуучу эсеп-фактуранын номери.” деген сөздөргө алмаштырылсын.
төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
“11) “сериясы” 11-графада – Салык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдерине ылайык бүтүмдүн шарттары өзгөргөн учурда алар тарабынан жеткирүүлөрдүн салык салынуучу наркы оңдолгондо көрсөткүчтөрү оңдолуучу мурда жеткирүүчү жазып берген оңдолуучу эсеп-фактуранын сериясы. Бул графа мурда берилген сериялар жана номерлер менен эсеп-фактурага оңдоо киргизилген учурда толтурулат.”;
- 68-пунктта:
1-пунктчадагы “КНСтин эсеп-фактурасынын №” деген сөздөр “эсеп-фактуранын/ББЭД №” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пунктчадагы “эсеп-фактурасынын сериясы” деген сөздөр “ББЭД түрү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
9-пунктчада:
- экинчи абзацындагы “КНСтин конкреттүү эсеп-фактурасын” деген сөздөр “конкреттүү эсеп-фактураны” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацындагы “Эсеп-фактурасынын сериясы” деген сөздөр “ББЭД түрү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 681-пункттагы “КНСтин баштапкы эсеп-фактурасы боюнча” деген сөздөр “баштапкы эсеп-фактура боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-июнундагы № 343 “Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартибинде:
- 24-пункттагы “калкка” деген сөз алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу тартибинде:
- 41-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“41. “Статус” 101-уячасы ЭЭФ МС аркылуу автоматтык түрдө толтурулат жана төмөнкү жазуулардын бирин камтыйт: баштапкы (кабыл алынды/четке кагылды), чакыртып алынган, оңдоп-түзөтүлүүчү (кабыл алынды/четке кагылды).
“Жаңы” жана “жөнөтүлгөн” статустар аралыктык болуп саналат жана төмөнкүлөрдү билдирет: “жаңы” - ЭЭФ жеткирүүчү тарабынан түзүлгөн жана кол коюлган эмес, “жөнөтүлгөн” - ЭЭФ жеткирүүчү тарабынан түзүлгөн, кол коюлган жана жиберилген, сатып алуучу тарабынан карала элек.”.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр К.А.Боронов