Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 483 «Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулдук кызмат адамдарынын жана мындай кызмат адамдары башчылык кылуучу консулдук мекемелердин ишинин тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулдук кызмат адамдарына кызмат ордуна талапкерлерди тандоо критерийлерин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 483 «Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулдук кызмат адамдарынын жана мындай кызмат адамдары башчылык кылуучу консулдук мекемелердин ишинин тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулдук кызмат адамдарынын жана мындай кызмат адамдары башчылык кылуучу консулдук мекемелердин ишинин тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктунун бешинчи абзацындагы «25 жаштан 65 жашка чейинки куракта болууга» деген сөздөр «25 жашка толгон адам болууга» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункту «сунуштаган мамлекеттин» деген сөздөрдөн кийин «дипломатиялык өкүлчүлүгү же» деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
«Эскертүү:
Натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында ардактуу консулдарга жылына бир жолудан кем эмес, анын ичинде жазуу жүзүндөгү суроо-талаптар жана дипломатиялык ноталар учурунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматына көрсөтүлгөн мамлекет менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода, экономикалык, маданий, илимий, туристтик байланыштарды өнүктүрүү боюнча алардын Кыргыз Республикасында жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматты (купуя эмес мүнөздөгү) берүү сунушталат. Берилген маалымат ардактуу консулдун макулдугу менен кеңири коомчулукту алардын иши менен тааныштыруу үчүн жарыяланышы мүмкүн.
Мындай өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугу кызматташтыкты андан ары өркүндөтүү боюнча тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн талданууга тийиш, ал эми мындай өз ара аракеттенүү жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Жобонун
6-бөлүмүнүн жоболорун колдонууга укуктуу.»;
- 12-пунктунда:
тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«эки пикир – сунуштама, бири мамлекеттик органдан, экинчиси – Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан коммерциялык уюмдан (эгерде талапкер Кыргыз Республикасынын жараны болсо) же болбосо эки пикир – сунуштама, бири мамлекеттик органдан, экинчиси – ардактуу консул кылып дайындоого сунушталып жаткан адамдын жогорку моралдык принциптери жана кадыр-баркы бар экендиги тууралуу маалыматты көрсөтүү менен сунуштаган мамлекеттин коммерциялык уюмунан (эгерде талапкер чет өлкөлүк жаран болсо);»;
- төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
«Ардактуу консул кылып дайындоого тандоо жол-жобосун жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон, Кыргыз Республикасынын аймагында кайрымдуулук жардам көрсөткөн, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жумуш орундарын түзгөн талапкерлер артыкчылыктуу укукту пайдаланышат.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тиешелүү дипломатиялык каналдар боюнча чет мамлекеттерди жана чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулдук кызмат адамдарын ушул токтом менен тааныштырсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр К.А.Боронов