КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-сентябрындагы №475 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2014-жылдын 15-августундагы Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын, техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системаларын уюштуруу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын  23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:

- 2-пунктунда:

үчүнчү абзацындагы «жана ушул Эрежелер менен каралган башка  иш-аракеттер» деген сөздөр алып салынсын;

бешинчи абзацындагы «жана башка иштерде» деген сөздөр алып салынсын;

сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«транспорт каражатынын (транспорт каражатынын шассисинин паспорту), өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорту - 2014-жылдын 15-августундагы Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын, техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системаларын уюштуруу жөнүндө макулдашууга ылайык транспорт каражаттарынын (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторунун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системасында белгиленген тартипте таризделген транспорт каражатынын (транспорт каражатынын шассисинин паспорту), өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспорту;»;

төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

«транспорт каражатынын электрондук паспортунан (транспорт каражатынын шассисинин паспортунан) жана өзү жүрүүчү машинанын, техниканын башка түрлөрүнүн паспортунан белгиленген үлгүдөгү көчүрмө - 2014-жылдын 15-августундагы Транспорт каражатынын паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын, техниканын башка түрлөрүнүн паспортунун бирдиктүү формаларын киргизүү жана электрондук паспорттордун системаларын уюштуруу жөнүндө макулдашууга ылайык белгиленген тартипте таризделген транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системасынан транспорт каражаты, өзү жүрүүчү машина жана техниканын башка түрлөрү жөнүндө маалымат;»;

- 12-пунктунун алтынчы абзацындагы «Өзү жүрүүчү» деген сөздөр  «Транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 22-пунктунда: 

бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык жарактуу визасы менен паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо чөйрөсүндөгү (каттоо талону) же болбосо тышкы саясат чөйрөсүндөгү (аккредитациялык карточка) ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген каттоо документтери;»;

тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- даярдоочу заводдун өндүрүү сертификаты, инвойс, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун (транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспортторунун) жана өзү жүрүүчү машиналардын, техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системасында маалыматтар жок болгондо транспорт каражатынын паспорту жана/же транспорт каражатынын электрондук паспортунан (транспорт каражатынын шассисинин паспортунан) көчүрмө, чет мамлекеттин транспорт каражатынын техникалык паспорту же болбосо барган өлкөнүн тийиштүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан транспорт каражаты эсептен чыгарылгандыгын ырастаган документ, транспорт каражатынын сертификаты, кабыл алуу-өткөрүү актысы жана ушул Эрежелердин  25-пунктунда каралган башка документтер;»;

онунчу абзацындагы «транспорт каражатына, түзүлүшкө же жабдууга, номердик агрегатка менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документ» деген сөздөр ушул Эрежелердин 25-пунктунда каралган башка документ» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 24-пунктунда: 

бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык жарактуу визасы менен паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо чөйрөсүндөгү (каттоо талону) же болбосо тышкы саясат чөйрөсүндөгү (аккредитациялык карточкасы) ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилген каттоо документтери;»;

тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- ушул Эрежелердин 25-пунктунда каралган башка документтерди;»;

- 25-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- мүлктү мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер.».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                                         К.А.Боронов

Тиркемелер

Басып чыгаруу