КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-апрелиндеги № 189 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 457 «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу

Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформаны андан ары ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциалык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 457 «Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

2.   Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                           М.Д.Абылгазиев

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу