Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы № 161 “Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 637 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматты жоюу жөнүндө” токтомунун 6-пунктун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын коституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонулуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесинде:
- 42-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 219 “Баткен” аэропортуна эл аралык аэропорттун статусун берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пунктундагы “Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат” деген сөздөр “Ички иштер министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-апрелиндеги № 237 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын интернет-ресурстарынын даректеринде:
- “Мамлекеттик кызматтар” бөлүмүнүн тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-январындагы № 4 “Жөнгө салуунун тутумдук талдоосу” жөнгө салуучулук реформа боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- жыйырма сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 “Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматкерлери атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын тизмегинде:
- “Атайын форма кийими” бөлүмүнүн сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 “Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- 86-пунктунун “е” пунктчасындагы “Баңгизатты көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын,” деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинде:
- 153-пунктунун сегизинчи абзацындагы “баңгизатты көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын,” деген сөздөр алып салынсын.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-майындагы № 384 “Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин кийим-кече предметтеринин, атрибуттарынын жана айырмалоо белгилеринин сыпаттамасын бекитүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-ноябрындагы № 875 “Баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын убактылуу бөлөк кармоочу жайынын ички тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы № 225 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр К.А.Боронов