КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы №423 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 «Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуунун негизинде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 «Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жободо:

  • 1- пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Даректик - маалымдама бюросу» автоматташтырылган маалыматтык системасы – жарандарды жашаган жана барган жери боюнча каттоону эсепке алуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн багытталган, каттоону эсепке алуу органы тарабынан түзүлүүчү жана пайдаланылуучу программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болгон система.»;

- төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:

«91. Жарандын арызын кабыл алууда каттоону эсепке алуу органынын кызматкерлери тарабынан төмөнкүлөр жүргүзүлөт:

- каттоону эсепке алуу органы тарабынан аныкталуучу тартипте беттин графикалык сүрөтүнүн негизинде ишке ашырылуучу, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындан ары – КБМР) камтылган жеке маалыматтардын негизинде жаранды идентификациялоо, анын ичинен анын аты-жөнүнүн шайкеш келишин текшерүү, издөө/күзөт картасынын болушун жана КБМРде биометрикалык маалыматтарынын болушун текшерүү;

- «Даректик-маалымдама бюросу» автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизүү үчүн арыз ээси тарабынан берилген документтердин түп нускаларын сканерлөө. Документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылууга тийиш.

Биометрикалык маалыматтардын базасында колдордун манжаларынын папиллярдык чиймелеринин графикалык түзүлүшү жөнүндө маалымат жок болсо, Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды чогултуу жүргүзүлөт.

Эгер арыз ээсинин жана/же кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин атынан ишенимдүү адам (ишеним кат боюнча) арыз берсе, ишенимдүү адамды (адамдарды) идентификациялоо бетинин графикалык сүрөтүнүн негизинде жүргүзүлөт. 

Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдук болгондо, арыз ээсин жана/же кыймылсыз мүлктүн менчик ээсин идентификациялоо талап кылынбайт.

Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту бар жарандардын жашаган жери боюнча каттоосу өзгөргөн учурда, аталган паспорттордун чибинде камтылган маалыматтарга бир эле убакта өзгөртүүлөр киргизилет.»;

- төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын:

«131. Эгер каттоо учурунда турак жайда жакын туугандарынан тышкары, 10 жана андан ашык жаран катталганы аныкталса, каттоону эсепке алуу органы ушул Жобонун 2-главасында белгиленген тартипте каттоо жүргүзөт, мында бир иш күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, ички иштер органынын тийиштүү райондук бөлүмүнө жана Борбордук шайлоо комиссиясынын тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясындагы системалык администраторуна маалымат үчүн билдирүү (кагаз же электрондук түрдө) жиберет.».

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 


Премьер-министр                                                                       К.А.Боронов

Тиркемелер

Басып чыгаруу