КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-сентябрындагы №494 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө

Токой чарбаларынын ишин оптималдаштыруу, Балыкчы жана Кочкор-Ата токой чарбалары мекемелеринин мурдагы статусун калыбына келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.      Төмөнкүлөр кайра уюштурулсун:

1) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Балыкчы токой чарбасы” мекемесин бөлүп чыгуу жолу менен “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Тоң токой чарбасы” мекемеси, бекитилген штаттык сандын чегинде;

2) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Кочкор-Ата токой чарбасы” мекемесин бөлүп чыгуу жолу менен “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Тоскоол-Ата токой чарбасы” мекемеси, бекитилген штаттык сандын чегинде.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Балыкчы токой чарбасы» мекемеси бөлүштүрүлгөн баланска ылайык «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Тоң токой чарбасы» мекемесинин укук улантуучусу болуп эсептеле тургандыгы;

2) «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Кочкор-Ата токой чарбасы» мекемеси бөлүштүрүлгөн баланска ылайык «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Тоскоол-Ата токой чарбасы» мекемесинин укук улантуучусу болуп эсептеле тургандыгы.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-майындагы № 227 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 6-пунктундагы “39” деген цифралар “41” деген цифралар менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №651 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 - 1-пунктунун 6 жана 7-абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын. 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган кайра уюштурулуучу мекемелердин жоболорун жана бөлүштүрүү баланстарын эки айлык мөөнөттө бекитсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                  К.А.Боронов

Тиркемелер

Басып чыгаруу