КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 534-токтому

Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 98-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:

- жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоону жана төлөөнү камсыз кылсын;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.


 Премьер-министр                                                     М.Д.Абылгазиев