КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 “Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү, жер казынасын пайдалануу укугун берүү системасынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу, Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесинин (КТАД) эл аралык стандарттарынын талаптарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 “Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

“- Жер казынасын пайдалануучулардын жана/же жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө ээлеринин бенефициарлары жөнүндө маалыматтардын формасы, 5-тиркемеге ылайык.”;

2) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда 5-тиркеме менен толукталсын;

3) аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жободо:

- 14-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- ушул Жобого ылайык бенефициарлар жөнүндө маалымат.”;

- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 21-глава жана 211-2115-пункттар менен толукталсын;

- 21-пунктунда:

бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- эгерде өтүнмө ээси тарабынан ушул Жободо белгиленген тартипте бенефициарлар жөнүндө маалымат берилбесе;”;

алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

4) аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:

- 21-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

“- Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык бенефициарлар жөнүндө маалымат.”;

5) аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:

- 17-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

“- Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык бенефициарлар жөнүндө маалымат.”.

2. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алышкан жер казынасын пайдалануучулар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 6 айдын ичинде бенефициарлар жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай,  отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.


Премьер-министр                                                                          К.А.Боронов

фото.rar