КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-августундагы № 448 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

       Экологиялык дипломатияны күчөтүү жана өнүктүрүү, ошондой эле жаратылышты коргоо, экологиялык кризистерди алдын алуу, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү аракеттерди болтурбоо, климаттын өзгөрүшү жана ага адаптациялоо чөйрөсүндөгү донорлор, эл аралык өнөктөштөр жана уюмдар менен, анын ичинде климаттык каржылоо маселелери боюнча натыйжалуу өз ара аракеттенүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде: 

- 1-пунктундагы “402” жана “179” деген цифралар тиешелүү түрдө “405” жана “182” деген цифралар менен алмаштырылсын. 

2. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар 2020-жылга жана андан кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине такталган каражаттардын чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. 

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги: - өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин; - ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн. 

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                               К.А.Боронов

Тиркемелер

Басып чыгаруу