Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Жаш жарандарды мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууга жана ишке ашырууга тартуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев