КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 508 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө” токтомуна  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында педагогикалык адистиктер боюнча окуган адистерди даярдоонун сапатын жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 -  1-пунктунун экинчи абзацы “800 сом” деген сөздөн кийин“, жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарынын педагогикалык адистиктер боюнча окуган эң жакшы баалары бар студенттерине - 1600 сом” деген сөздөр менен толукталсын, 

-1-пунктунун үчүнчү абзацы “720 сом” деген сөздөн кийин  “, орто кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарынын педагогикалык адистиктер боюнча окуган эң жакшы баалары бар студенттерине - 1440 сом” деген сөздөр менен толукталсын.

2.  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бул токтомдун 1-пунктун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2020-жылдын республикалык бюджетинде  20 000,0 миң (жыйырма миллион) сом кошумча ассигнованиелерди карасын, анын ичинде: 

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 18 900,0 миң (он сегиз миллион тогуз жүз миң) сом;

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 1 100,0 миң (бир миллион бир жүз миң) сом.

3.  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде тийиштүү түрдө 1 335,2 миң (бир миллион үч жүз отуз беш миң эки жүз) сом жана 300,0 миң ( үч жүз миң) сом ушул токтомдун 1-пунктун ишке ашыруу үчүн издеп табышсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.  


Премьер-министр                                                                          К.А.Боронов

Тиркемелер

Басып чыгаруу