КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы № 514 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун   фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан салык саясатынын ырааттуулугун камсыз кылуу, айрым товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоону натыйжалуу киргизүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-октябрындагы № 554 “Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)  4-пунктунун үчүнчү абзацындагы “санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоону” деген сөздөр “маркаланбаган продукцияны сатууга тыюу салууну” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

2)  жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып киргизилүүчү жана сатып өткөрүлүүчү товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмеси жана милдеттүү маркалоону киргизүүнүн мөөнөттөрү, ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 690 “Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду өткөрүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пунктундагы “2020-жылдын 1-январы - 31-октябрында” деген сөздөр “2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-мартына чейин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2)  8-пунктундагы “2020-жылдын 31-октябрына” деген сөздөр “2021-жылдын 31-мартына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3)  жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып келүүчү жана сатылуучу товарлардын идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш айрым түрлөрүнүн тизмеги, ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 248 “Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) аталышындагы жана 1-пунктундагы ар кандай жөндөмөдөгү “убактылуу жобо” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “жобо” деген сөз менен, 3-пунктундагы “Убактылуу жобого” деген сөздөр “Жобого” деген сөз менен алмаштырылсын; 

2) 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“5. Улуттук оператор белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу боюнча идентификациялоо каражаттарын жеткирүүнүн, ошондой эле маркалоо коддорун берүү жана генерациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн наркын белгилесин.”;

3) 7-пунктундагы “жана 2021-жылдын 1-январына чейин колдонулат” деген сөздөр алып салынсын;

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча убактылуу жободо:

- аталышындагы, 1, 3, 4, 24, 26, 30, 32 жана 37-пункттарындагы ар кандай жөндөмөдөгү “Убактылуу жобо” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө  “Жобо” деген сөз менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын  24-июнундагы № 356 “Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-пунктунун 1-2-пунктчаларындагы “2020-жылдын 1-октябрынан” жана “2020-жылдын 1-октябрына” деген сөздөр тиешелүү түрдө “2021-жылдын 1-январынан” жана “2021-жылдын 1-январына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын ишке киргизүүнүн алкагында субъекттердин контролдук-кассалык машиналарга өтүү жана колдонуу графигинде:

- 3 жана 4-пункттарындагы “2020-жылдын 1-октябрынан” деген сөздөр “2021-жылдын 1-январынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмегинде: 

- 1-таблицасындагы “2020-жылдын 1-октябрына” деген сөздөр
 “2021-жылдын 1-январына” деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

5) Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын  1-октябрынан тартып күчүнө кирет. 


Премьер-министр                                                                  К.А.Боронов