КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы № 520 токтому

Кыргыз Республикасынын экономика  тармактарын жана калкын 2020/2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2020/2021-жылдардагы күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүсүн камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):

1) 2020/2021-жылдардагы жылытуу мезгилинин башталышына карата мекемелердин, анын ичинде медициналык, билим берүү жана социалдык мекемелердин буу казандарынын жана жылуулук механикалык жабдууларынын даярдыгын камсыздоо боюнча иштерди аякташсын;

2) Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен бирдикте зарыл болгон көлөмдө калкка көмүр берүүнү, отун базаларын жана көмүр сатуу пункттарын ачууну, анын ичинде бийик толуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардагы катаал, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды көмүр менен камсыздоо максатында көчмө пункттарды ачууну камсыз кылышсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция мыйзамдарда белгиленген тартипте мекемелердин энергетика объекттерин, буу казандарын жана жылуулук механикалык жабдууларын коопсуз эксплуатациялоого контролдоону жана көзөмөлдөөнү камсыздасын.

3. Төмөнкүлөр сунушталсын:

1) “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Ош электр” жана “Жалалабат электр” ачык акционердик коомдоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 228 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын
 2020/2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомунун 16-пунктунун төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн электр тармактарында электр энергиясынын жоготууларынын деңгээлдерин ашырууга жол бербөө боюнча чараларды көрүү;

2) “Электр станциялар”, “Чакан ГЭС”, “Кыргызстан улуттук электр тармагы”, “Түндүк электр”, “Ош электр”, “Чыгыш электр” жана “Жалалабат электр” ачык акционердик коомдоруна энергетикалык жабдыктарды капиталдык оңдоо планын өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча иштиктүү чараларды көрүү.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрү тарабынан электр энергиясын пайдалануу лимити боюнча тапшырманын аткарылышын өзгөчө контролго алышсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 228 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2020/2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 2-12 жана 14-17-тиркемелери ушул токтомдун 1-11 жана 12-15-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илим изилдөө институту электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн лимиттеринин ишенимдүү маанилерин белгилөө максатында бюджеттик уюмдарга энергетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча илимий-изилдөө иштерин туруктуу негизде  улантып турсун.

7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илим изилдөө институтунун бюджетинде электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн керектөө лимиттеринин бюджеттик көлөмүнө энергетикалык изилдөө жүргүзүү үчүн 2 000 000 (эки миллион) сом өлчөмүндө финансылык ресурстарды караштырып турсун.

8. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте 2021-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринен каржыланган бюджеттик уюмдар үчүн энергетикалык ресурстарды (электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газын) керектөөнүн лимиттерин Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илим изилдөө институту тарабынан бюджеттик уюмдарга энергетикалык изилдөө жүргүзүү учурунда алынган электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн лимиттеринин ишенимдүү маанилеринин негизинде бекитсин.

9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                  С.Н.Жапаров