«2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргызстан-Кытай» газ түтүгүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2018-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- «2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргызстан-Кытай» газ түтүгүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2018-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргызстан-Кытай» газ түтүгүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2018-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев