КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-ноябрындагы № 548 токтому

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматын түзүү жөнүндө

Мамлекеттик чек араны коргоо системасын өркүндөтүү, эл аралык бандалык түзүмдөрдүн кирип келүү коркунучуна каршы аракеттенүү, чектеш мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына жүктөрдүн жана товарлардын, баңгизат каражаттарынын жана куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын функцияларын оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17 жана 25-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын базасында, жайгашкан жери Бишкек шаары болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын укугун мурастоочу болуп саналаары;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп саналаары.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштарды бир айлык мөөнөттө киргизсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн жана өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн. 

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                  С.Н.Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу