КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 552 токтому

Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган зайымчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган жана COVID-19 коронавирустук инфекция пандемиясынан улам келип чыккан эпидемиологиялык жана социалдык кырдаалга байланыштуу оор социалдык-экономикалык абалга кабылган зайымчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын банк жана финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Финансы-кредиттик уюмдарга (кредиттик бирликтерден, лизинг компанияларынан жана күрөөканалардан тышкары) төмөнкүлөр сунушталсын: 

1)   2020-жылдын 1-октябрына чейин кредиттин/каржылоонун 100 000 (жүз миң) сомдон ашпаган алгачкы негизги суммасын алган зайымчыларды 2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында эсептелүүчү пайыздарды/кошмо бааларды төлөөдөн бошотуу. Зайымчынын 100 000 (жүз миң) сомго чейинки сумманын чегинде параллелдүү кредити/каржылоосу болгон учурда зайымчынын финансы-кредиттик уюмду жана тийиштүү кредитти/каржылоону тандоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызына ылайык бир гана финансы-кредиттик уюмдагы бир кредит/каржылоо боюнча пайыздар/кошмо баалар компенсацияланууга тийиш;

2)   ушул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасынын шарттарына туура келген зайымчылардын реестрин зарыл болгон суммадагы субсидияны көрсөтүү менен ай сайын түзүү жана отчеттук ай аяктаган күндөн кийин
 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүү; 

3)   ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде ушул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасынын талаптарына ылайык пайызды/кошмо бааларды субсидиялоо суммасы жөнүндө зайымчыларды кабарлоо; 

4)   Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына субсидиянын суммасы которулган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен алынган субсидиянын суммасы боюнча отчетту берүү. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына төмөнкүлөр сунушталсын:

1)   2020-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен эсептелүүчү пайыздарды/кошмо бааларды субсидиялоо жөнүндө макулдашууну түзүү үчүн финансы-кредиттик уюмдардын жыйынды реестрин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берүү;

2)   Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкүлөрдү берүү:

-     ушул токтомдун 1-пунктунун 2-пунктчасына ылайык зайымчылардын реестрин, ошондой эле ушул токтомдун 1-пунктунун
 2-пунктчасына көрсөтүлгөн маалыматты алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине даректелген финансы-кредиттик уюмдардын табыштамаларын;   

-     финансы-кредиттик уюмдарга субсидиянын суммасы которулган күндөн тартып 7 (жети) жумуш күндөн кечиктирбестен финансы-кредиттик уюмдарга берилген маалыматтардын негизинде финансы-кредиттик уюмдар боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча жыйынды отчетту;

3)   ушул токтомдун 1-пунктунун шарттарына туура келген зайымчылардын реестринде берилген маалыматтардын аныктыгын контролдоону жана инспектордук текшерүүлөрдүн алкагында кредиттерди тандап текшерүү аркылуу финансы-кредиттик уюмдар тарабынан алынган субсидиялардын максаттуу пайдаланылышын текшерүү. 

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1)   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда Кыргыз Республикасынын зайымчы-резиденттерине
 2020-жылдын 1-октябрына чейин берилген кредиттер/каржылоо боюнча пайыздарды/кошмо бааларды финансы-кредиттик уюмдарга субсидиялоо үчүн салыктык эмес кирешелердин эсебинен 1 253 216 000,0 (бир миллиард эки жүз элүү үч миллион эки жүз он алты миң) сом суммасындагы акчалай каражатты карасын; 

2)   финансы-кредиттик уюмдар менен эсептелүүчү пайыздарды/кошмо бааларды субсидиялоо жөнүндө макулдашууларды түзсүн;

3)   финансы-кредиттик уюмдардын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине даректелген субсидия алууга берилген табыштамалары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан алынган датадан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде субсидиянын эсептелген суммаларын финансы-кредиттик уюмдарга ай сайын которсун.    

4.   Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.  

5.   Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                                                          С.Н.Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу