КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-ноябрындагы №368-б буйругу

«Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Жер казынасын геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо жана алтын (тамырланган, чачыратма), күмүш жана жезди иштетүүгө байланышкан иш-аракеттерди лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилсин.

2. Ушул буйрук лицензиялардын колдонуу мөөнөтүн узартууга жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоо боюнча жер казынасын пайдалануучулардын өзгөчө укуктарына жайылтылбайт.


Премьер-министр                            С.Н. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу