КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503-токтому

Инвестициялык долбоорлордун ишинин артыкчылыктуу түрлөрүн (экономика секторлорун) белгилөө жөнүндө

Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 чечиминин 7-пунктунун 7.1.11-пунктчасында белгиленген тарифтик жеңилдикти колдонуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 чечиминин 7-пунктунун 7.1.11-пунктчасында белгиленген тарифтик жеңилдик колдонулган иштин төмөнкүдөй артыкчылыктуу түрлөрү (экономиканын секторлору) белгиленсин:

1) инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүштөрү;

2) жеңил өнөр жайы;

3) тамак-аш өнөр жайы;

4) энергетика;

5) айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү;

6) чогултуу өндүрүшү;

7) туризм;

8) экспортко багытталган өндүрүш;

9) байланыш тармактары жана коммутация системалары;

10) автомобиль транспорту жана жол курулушу;

11) банк жана төлөм иши;

12) саламаттыкты сактоо (медицина жабдуулары, мунун ичинде алардын комплекттөөчү жана запастык бөлүктөрү, ошондой эле медицина багытындагы буюмдар);

13) аба транспорту (жарандык жүргүнчүлөр учактары).

2. Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги:

- Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 чечиминин 7-пунктунун 7.1.11-пунктчасынын экинчи абзацында белгиленген критерийлерге ылайык иштин артыкчылыктуу түрлөрүнө (экономиканын секторлоруна) шайкеш келген инвестициялык долбоорлордун реестрин ушул токтомдун тиркемесине ылайык форма боюнча түзсүн;

- инвестициялык долбоорлордун реестрин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жиберсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


М.Абылгазиев


Тиркеме

Иштин артыкчылыктуу түрлөрүнө (экономиканын секторлоруна) шайкеш келген инвестициялык долбоорлордун
 РЕЕСТРИ

Инвестициялык долбоор

Товарлар

Аталышы

Келишимдердин (контракттардын, макулдашуулардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин) реквизиттери

Ишке ашыруу башталган дата

Ишке ашыруу аяктаган дата

ЕАЭБ ТЭИ ТН коду (коддук белгилөөнүн 10 разрядынын деңгээлинде)

Билдирилди

Саны

Өлчөө бирдиги

Наркы, (АКШ долл.)

Салмагы (кг)

Ташып киргизилүүчү товарды өндүргөн өлкө

Ташып киргизүүдөгү бажы алымдарынын суммасы, шарттуу түрдө эсептелген (АКШ долл.)

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

Эскертүү.

1. 3-графада Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин (мындан ары - мүчө мамлекет) инвестициялык долбоору ишке ашырылып жаткан документтин реквизиттери көрсөтүлөт.

2. 7 жана 8-графаларда инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү товардын саны жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.

3. 9-12-графаларда инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды иш жүзүндө ташып киргизүүдө таризделген товарларга карата декларациялардагы маалыматтар көрсөтүлөт.

4. 9-графада Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 257 чечими менен бекитилген товарларга карата декларацияларды толтуруунун тартиби жөнүндө нускамага (мындан ары - Нускама) ылайык товарларга карата декларациянын 46-графасында көрсөтүлгөн товардын статистикалык наркы көрсөтүлөт.

5. 10-графада Нускамага ылайык товарларга карата декларациянын 38-графасында көрсөтүлгөн нетто салмагы көрсөтүлөт.

6. 12-графаны толтурууда товарга карата декларацияны каттоо күнүндө мүчө мамлекеттин улуттук (борбордук) банкы белгилеген, мүчө мамлекеттин валютасына карата чет элдик валютанын курсу колдонулат.



Тиркемелер

Басып чыгаруу