Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык салуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Салык салуу маселелери боюнча мыйзам алдындагы актыларды соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган кодекстерге шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
- 35-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“35. Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланбаган акциздик продукцияны өндүрүүчү, импорттоочу же сатуучу уюмдар, жеке ишкерлер жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салыктык карызды өндүрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 8-тиркемесинде:
- “Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин 66” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 144” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- “Мамлекеттик алымдар жөнүндө” Мыйзамдын 6-беренесине” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексинин 141-беренесинин 1-бөлүгүнүн 17-пунктуна” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жободо:
- 7-пунктунда:
- он төртүнчү жана жыйырма үчүнчү абзацтарындагы “администрациялык” деген сөз алып салынсын;
- жыйырма жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузуунун түздөн-түз объектиси болуп саналган предметтерди алып коюуну ишке ашырат;”;
- 8-пунктунун он экинчи абзацындагы “администрациялык укук бузуулар жөнүндө” деген сөздөр “бузуулар жөнүндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пунктундагы “администрациялык,” деген сөз алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 328 “Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан (аймагына) Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) товарларды убактылуу ташып келүү (ташып чыгуу) жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартиптерин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды убактылуу ташып келүү жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартибинде:
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13. Кабарлоо өз убагында берилбеген учурда салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.”;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин аймагына товарларды убактылуу ташып чыгуу жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартибинде:
- 13-пунктундагы “административдик жоопкерчилик жөнүндө” деген сөздөр “бузуулар жөнүндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 “Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен
соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибинде:
- 8, 9 жана 25-пункттарындагы “мыйзамдарына ылайык административдик же жазык жоопкерчилигине” деген сөздөр “жазык мыйзамдарынын же бузуулар жөнүндө мыйзамдарынын алкагында жоопкерчиликке” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 29-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын административдик же” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде же Кыргыз Республикасынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 328 “Административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө салык кызматынын чечиминин (токтомунун) формасын бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Н.Жапаров