Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 “Отчеттордун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, салыктарды жана салыктык эмес кирешелерди башкаруу боюнча маалыматтардын формаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 2811-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 “Отчеттордун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, салыктарды жана салыктык эмес кирешелерди башкаруу боюнча маалыматтардын формаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунун жыйырма жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- КНСтин ашып кеткен суммасын, ашыкча төлөнгөн салыктын, айрым субъекттерге импортко КНСтин, салыктык эмес кирешенин суммаларын бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө корутунду (FORM – 013) жана аны толтуруу тартиби;”;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген салыктын, салыктык эмес кирешенин ашыкча төлөнгөн ашып кетүүсүн бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө корутундунун формасы (FORM – 013) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ашыкча төлөнгөн салыктын, салыктык эмес кирешенин ашып кетүүсүн бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө корутундунун формасын толтуруунун тартибинде (FORM STI-013):
- Тартиптин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“КНСтин ашып кеткен суммасын, ашыкча төлөнгөн салыктын, айрым субъекттерге импортко КНСтин, салыктык эмес кирешенин суммаларын бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө корутундунун (FORM – 013) формасын толтуруунун тартиби”;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 81, 279, 281 жана 2811-беренелеринин жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 16, 26 жана 29-беренелеринин ченемдерин ишке ашыруу максатында салык органдары тарабынан жазып берилүүчү КНСтин ашып кеткен суммасын, ашыкча төлөнгөн салыктын, айрым субъекттерге импортко КНСтин, салыктык эмес кирешенин суммаларын бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө корутундунун формасын (FORM STI-013) (мындан ары - корутунду) толтуруу жол-жобосун аныктайт.”;
- 8-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“КНСтин ашып кеткен суммасын, ашыкча төлөнгөн салыктын, айрым субъекттерге импортко КНСтин, салыктык эмес кирешенин суммаларын бюджеттен кайтарып берүү жөнүндө маалымат” секциясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:”;
- 1-пунктчасында:
биринчи абзацындагы “ашыкча төлөнгөн салыктын, салыктык эмес кирешенин ашып кетүүсү бар салыктын” деген сөздөр “КНСтин ашып кеткен суммасы, ашыкча төлөнгөн салыктын, айрым субъекттерге импортко КНСтин, салыктык эмес кирешенин суммалары бар салыктын, салыктык эмес кирешенин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы таблица төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы сап менен толукталсын:
“
10 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 2811-беренеси |
”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Н.Жапаров