Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынан (реэкспорт, транзит, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамдарды кошпогондо) айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) тиркелген тизмекке (мындан ары – Тизмек) ылайык алты айлык мөөнөткө, ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып беш күн өткөндөн кийин киргизилүүчү убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбей ушул токтомдун 1-пунктунда аталган убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын;
- ушул токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тышкы соода ишин жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбей ушул токтомдун 1-пунктунда аталган убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн мыйзамсыз ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 174 “Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сыртка ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы № 251 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 174 “Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр А.Э.Новиков
Тиркеме
Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сыртка ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн тизмеги
№ | Товардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду |
1 | Тирүү жылкы | 0101 |
2 | Ири мүйүздүү тирүү мал | 0102 |
3 | Тирүү койлор жана эчкилер | 0104 |
4 | Тирүү үй канаттуулары: тооктор (Gallus domesticus), өрдөктөр, каздар, индейкалар жана куштар | 0105 |
5 | Буудай жана меслин | 1001 |
6 | Арпа | 1003 |
7 | Жүгөрү | 1005 |
8 | Күрүч | 1006 |
9 | Буудай уну | 1101 00 |
10 | Өсүмдүк майы | 1512, 1512 11 990 1 (сафлор майы) кошпогондо |
11 | Кумшекер | 1701 99 |
12 | Тоок жумурткасы | 0407 11 000 0, 0407 21 000 0 |
13 | Йоддолгон тамакка салынуучу туз | 2501 00 91 |
14 | Тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту) | 2302ден 1214 90 900 0 |