Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарынын иш менен камсыз болуусун, ишканаларынын өндүрүмдүүлүгүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле 2017-жылдын
13-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (№ 0552-KGZ-(SF) ылайык кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемеси түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемесинин уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунун экинчи абзацындагы “233” деген цифралар “234” деген цифралар менен алмаштырылсын;
2) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 234- тиркеме менен толукталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын
28-декабрындагы № 888 “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башкаруу схемасы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
“
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемеси |
”.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемесинин иштөөсү үчүн коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө шарттарында жай берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемесинин ишин каржылоону тиешелүү жылга карата бекитилген каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Н.Жапаров