Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына ата мекенине кайтып келүү үчүн өтүү документин тариздөөдө көмөк көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» жана «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшү, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жободо:
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
«- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары улуттук паспорттун жоголгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк таризделген учурда.»;
- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары улуттук паспорттор жоголгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктү тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине кайрылышат.».
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланктарынын жаңы формаларынын үлгүлөрүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин дарегине жиберсин.
- ушул токтомго ылайык жаңы үлгүдөгү Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн жүгүртүүгө киргизилгендиги жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу чет мамлекеттерге кабарласын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июлундагы № 407 «Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июлундагы № 407 «Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-мартындагы № 133 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июлундагы № 407 «Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 299 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-июлундагы № 407 «Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр А.Э.Новиков