КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-декабрдагы № 590 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № 586 “Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Өлкөдө экономикалык кырдаалды тезинен турукташтыруу максатында жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № 586 “Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктунда:

“2021” деген цифралар “2022” деген цифралар менен алмаштырылсын.

- төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-пунктча менен толукталсын:

“9) ташылып келүүчү жана сатылуучу күйүүчү-майлоочу материалдардын сапатын сактоого көзөмөл жүргүзүү боюнча;

10) Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынок чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министрдин 
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр                                    А.Э. Новиков

Тиркемелер

Басып чыгаруу