Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-сентябрындагы № 183 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын курамынан бөлүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде Ички аскерлер түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясына мурда өткөрүлүп берилген, Ички аскерлердин тиешелүү штаттарын, документтерин, имараттарын, курулмаларын, материалдык-техникалык каражаттарын жана башка мүлктөрүн белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясын кайра уюштурууга байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча комиссия ушул токтомдун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы үч айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө бөлүштүрүүчү балансты киргизишсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- бөлүштүрүүчү баланс бекитилгенден кийин Ички аскерлерди түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон штаттык кызмат орундарын ээлеген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер кызматчылары тийиштүү ченемдик укуктук актылар күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине ыкчам баш ийүүгө өтөт;
- Ички аскерлерди түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон штаттык кызмат орундарын ээлеген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер кызматчылары ушул токтомдо каралган иш-чаралар бүткөнгө чейин өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерин аткарууну улантат;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине которулуу тартибинде кызматка кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясында кызмат өтөө учурунда эсептелген компенсацияларын жана жөлөкпулдарын эсептөө үчүн эсептик мезгилдер, негизги жана кошумча өргүүлөрдү берүүнүн мезгилдери жана мөөнөттөрү сакталат;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине которулуу тартибинде кызматка кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер кызматчыларын турак жай жана социалдык камсыздоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук актыларына ылайык ишке ашырылат.
6. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерин күтүү үчүн финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгышсын жана белгиленген тартипте киргизишсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев