Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо маселелерин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө
Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча даярдоо (PhD)/тармак боюнча) жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор квалификациясын ыйгаруу маселелерин жөнгө салуу максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23 жана 40-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын ϴкмɵтү жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүүнү (базалык докторантура (PhD)/тармак боюнча) уюштуруу тартиби жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор квалификациясын ыйгаруу жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоонун аккредитациялануучу билим берүү программаларына коюлуучу минималдуу талаптар, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр А.Э.Новиков