КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-декабрдагы № 605 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 «Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 14-октябрындагы чечимин ишке ашыруу максатында, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 «Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жободо:

- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:

«этностук таандыгы (арыз ээсинин каалоосу менен);»;

- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

«- Улуту/национальность/ethnicity».

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Премьер-министрдин 
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр                                          А.Э.Новиков


Тиркемелер

Басып чыгаруу