Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 552 “Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган зайымчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Коммерциялык банктардан, микрофинансылык компаниялардан, микрокредиттик компаниялардан жана микрокредиттик агенттиктерден, кредиттик союздардан, анын ичинде банк ишинин ислам принциптерине ылайык каржылоо боюнча кредит алган жана COVID-19 коронавирустук инфекция пандемиясынан улам келип чыккан эпидемиологиялык жана социалдык кырдаалга байланыштуу оор экономикалык абалга кабылган зайымчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле өлкөнүн банк жана финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 552 “Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган зайымчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун биринчи абзацындагы "кредиттик бирликтерден" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пункттун 1-пунктчасында “2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында эсептелүүчү пайыздарды/кошмо бааларды төлөөдөн" деген сөздөр "2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында жоюлууга тийиш болгон пайыздарды/кошмо бааларды (үч ай үчүн) төлөөдөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр А.Э.Новиков