КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-октябрындагы № 502-токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

“Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри” бирдиктүү электрондук маалыматтар базасында кыймылдуу мүлккө талап укугун каттоо жол-жоболорун жеңилдетүү максатында, “Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 241-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдой өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун төртүнчү абзацы “мамлекеттик органдарынын” деген сөздөрдөн кийин “жана кызмат адамдарынын” деген сөздөр менен толукталсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тизмегинде:

- аталышы “мамлекеттик органдарынын” деген сөздөрдөн кийин “жана кызмат адамдарынын” деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызмат адамдары.”;

- Эскертүүнүн 1-пункту:

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүүгө укуктуу болгон юстиция органдарынын кызмат адамдарынын чектелген тизмесин аныктайт жана катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасында камтылган маалыматты коргоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздайт.”;

үчүнчү абзацы “органдарынын кызматкерлери” деген сөздөрдөн кийин “жана юстиция органдарынын кызмат адамдары” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу