КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-декабрдагы № 613 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 67 “Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Аскер багытындагы товарларды жүгүртүүнү жөнгө салуу жана контролдоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү максатында, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесине, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 67 “Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- токтомдун 2-пунктундагы “2020” деген цифраларды “2021” цифраларына деген сөздөргө алмаштырылсын

2. Кыргыз Республикасынын экономика министрилиги Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети менен биргеликте үч ай мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын “Экспорттук конттроль жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өктөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу, 

биринчи вице-премьер-министр                                          А.Э.Новиков

Тиркемелер

Басып чыгаруу