КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-декабрдагы № 596 токтому

Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартибин аныктоо, ошондой эле ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

“- Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартиби 4-тиркемеге ылайык.”;

2) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 4-тиркеме менен толукталсын; 

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:

- 22-пунктунда: 

сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерден республикага алып келинген автотранспорт каражаттарына Евразия экономикалык бирлигинин Шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарынын Бирдиктүү реестрине киргизилген аккредиттелген лабораториясы тарабынан берилген транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк (юридикалык жак же жеке ишкер катарында катталган жеке адам тарабынан гана берилет);”;

- төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи, он тогузунчу, жыйырманчы абзацтар менен толукталсын:

“Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, ошондой эле ажыратылган/куралбаган түрдө алып келинген машина комплектисинин тетиктеринен куралган тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды алгачкы каттоодо ыйгарым укуктуу органга кошумча төмөнкүдөй документтер берилет:

- ажыратылган/куралбаган түрдө алып келинген машина комплектисинин тетиктеринен тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды чогултуу процессин ырастаган документ;

- техникалык регламенттин талаптарына шайкештигине сертификаттоо боюнча аккредиттелген орган тарабынан берилген шайкештик сертификаты.»;

- 32-пунктунун алтынчы абзацы “өзү жүрүүчү технологиялык машиналардан тышкары” деген сөздөрдөн мурда “тракторлордон,” деген сөз менен толукталсын; 

- 75-пунктунун экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 10-глава жана 78-83-пункттар менен толукталсын:

“10. Пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номердик каттоо белгилерин жок кылуу жана сатуу тартиби

78. Пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номердик каттоо белгилери алар жокко чыгарылган жана транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга тапшырылган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин символдорун пластиналардан механикалык кесип салуу аркылуу жок кылынууга тийиш. 

79. Жок кылынган мамлекеттик каттоо белгилерин текшерүүнүн, эсепке алуунун жана инвентаризациялоонун тартиби архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.

80. Пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номердик каттоо белгилерин сатуу конкурс (аукцион) өткөрүү аркылуу комиссиялык тартипте жүргүзүлөт.

81. Конкурска (аукционго) даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемесинин буйругу менен түзүлгөн мамлекеттик номердик каттоо белгилерин утилдештирүү боюнча туруктуу иштеген комиссия (конкурстун уюштуруучусу) тарабынан жүргүзүлөт.

82. Конкурстук (аукциондук) комиссия төмөнкүлөрдөн турат: 

1) транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын эки кызматкеринен, алардын бири комиссиянын төрагасы, ал эми экинчиси комиссиянын катчысы болуп саналат;

2) архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринен;

3) Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринен;

4) коомдук уюмдардын эки өкүлүнөн.

Комиссия конкурс (аукцион) өткөрүү аркылуу металл сыныктарын кымбатыраак баада кабыл алуу сунушуна карата металл сыныктарын кабыл алган пункттарга милдеттүү түрдө алдын ала мониторинг жүргүзөт.

Конкурс (аукцион) ачык формада өткөрүлөт. Конкурстун (аукциондун) кадамынын чоңдугу баштапкы баанын эки пайызынын өлчөмүндө белгиленет.

Конкурс товардын аталышын, анын негизги мүнөздөмөлөрүн, товардын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү тартибин, товарды пайдалануу укугуна баштапкы бааны жана конкурстун кадамын жарыялоо менен башталат.

Конкурстун жеңүүчүсү болуп металл сыныктарын жогорку баада кабыл алууну сунуштаган конкурстун катышуучусу таанылат жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте аны менен келишим түзүлөт.

Конкурс өткөрүүнүн жол-жобосу транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен ишке ашырылат (мөөнөтү, этаптары, зарыл болгон документтер, конкурсту өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү).

83. Сертификаты бар автотранспорт каражаттарына цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо номердик белгилери мамлекеттик номердик белгини тапшыргандан кийин ыйгарым укуктуу органда 1 жылга чейин сакталат. 

1 жылдын ичинде менчик ээси кайрылбаган учурда, ушул Эрежелерде каралган жалпы негиздерде жок кылынууга тийиш.”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы №599 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:

- 12-пунктунун “б” пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

“ - транспорт каражаттарынын пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик каттоо номердик белгилерин конкурс (аукцион) өткөрүү аркылуу сатат;”.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министрдин 

милдетин аткаруучу, 

биринчи вице-премьер-министр                   А.Э.Новиков

Тиркемелер

Басып чыгаруу