Балдарды өнүктүрүү борборлорун ачуу жөнүндө
Мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктү жана мектепке чейинки жаштагы балдарды өнүктүрүү үчүн шарттарды кеңейтүү максатында, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык китепканалардын базасында балдарды өнүктүрүү борборлорун тиркемеге ылайык ачышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык китепканалардын базасында ачылган балдарды өнүктүрүү борборлорунда билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын пландарын киргизүүнү камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жободо:
2-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын:
“131. Балдарды өнүктүрүү борборлорунда ишке тартылган китепканалардын кызматкерлерине жүктөмдүн бир айлык көлөмүн аткарууда кызматтык маяналарына 2000 сом өлчөмүндө үстөк акы белгиленет.”.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ушул токтомдун 3-пунктун ишке ашыруу максатында 2020-жылга республикалык бюджетте каралган Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинин каражаттарынын чегинде тийиштүү каржылоону камсыздасын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2021-жылдан баштап жыл сайын ушул токтомду ишке ашырууга зарыл болгон финансы каражаттарын республикалык бюджетте карасын.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча) жыл сайын ушул токтомду ишке ашырууга зарыл болгон финансы каражаттарын жергиликтүү бюджетте кароо сунушталсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу,
биринчи вице-премьер-министр А.Э.Новиков