КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 516 токтому

Балдарды багуу боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелерин менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөткөн субъектилерди аккредитациялоо жол-жобосун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 26 жана 39-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Балдарды багуу боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелерин менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 140 “Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөткөн субъектилерди аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул токтомду ишке ашырууга зарыл болгон чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                           М.Д.Абылгазиев