Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жана цемент заводун куруу үчүн берүү жөнүндө
Жер кодексинин 20-беренесине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 136 токтомун жана Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 20-апрелиндеги № 119-б буйругун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик менчикте турган 49,24 га жерлерди, анын ичинде 16,02 га – кайрак айдоо (№ 994, 1517, 1518, 1520, 1524, 1531-контурлар), 25,51 га – жайыт (№ 1000, 1136, 1500, 1510, 1519, 1521, 1526, 1527, 1544, 1546-контурлар), 2,09 га – бадалдуу бак-дарактар ээлеген аянттар (№ 989, 1001, 1008-контурлар), 0,56 га – жол астындагы аянттар (№ 994, 1136, 1500-контурлар), 5,06 га – башка жерлер (№ 994, 999, 1000, 1001, 1008, 1136, 1498, 1500, 1510, 1517, 1518, 1519, 1522, 1524, 1526, 1545, 1546, 1548-контурлар) «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына цемент заводун куруу үчүн которулсун.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогу цемент заводун куруу үчүн «Шамшыкал-ата компани» жоопкерчилиги чектелген коомуна убактылуу пайдалануу үчүн ижара келишиминин шарттары менен 49 жылга берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- цемент заводун куруу үчүн берилген жер участогуна мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүүнү;
- «Шамшыкал-ата компани» жоопкерчилиги чектелген коому менен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижара келишимин түзүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ченемдерге ылайык, «Шамшыкал-ата компани» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтурууну жана алынбай калган пайданын наркын төлөнүүсүн;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багытта пайдаланууну.
4. «Шамшыкал-ата компани» жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- цемент заводун куруу долбоорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөрүүнү;
- жогорку чыӊалуудагы электр байланыш линияларынын которулушу же курулушу талап кылынган учурда бул иштерди каржылоону;
- цемент заводун курууну баштаганга чейин, алдын ала белгиленген курулуш чөлкөмүнүн түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын кыймылсыз объекттерин сактоосун жана коргоосун камсыз кылууну.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жана өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев