КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрдагы № 639 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 334 “Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартибин жөнгө салуу максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы  № 334 “Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:     

-6-пунктундагы “2020” деген цифралар “2022” деген цифралар менен алмаштырылсын.

2.Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Премьер-министрдин 

милдетин аткаруучу, 

биринчи вице-премьер-министр                                        А.Э.Новиков

Тиркемелер

Басып чыгаруу